30-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи Хошрудини кабыл алды. Тараптар парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин келечегин талкуулап, эки тараптуу байланыштарды жандандыруу тууралуу пикир алышты. Жээнбеков кыргыз тарап Иран менен бардык маанилүү багыттар боюнча алакаларды арттырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. "Мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөдө парламенттер аралык байланыштардын мааниси зор. Ушу тапта Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгындагы бул багыттар өнүгүп жатат",- дейт төрага.
Ал эми элчи Иран тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү аракеттери жасалып жатканына маектештеринин көңүлүн бурду. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө жаатында бар аракетин жумшай турганын айтты. Жолугушуу соңунда элчи Иран парламентинин спикери Али Лариджанинин мурда жөнөткөн чакыруусуна токтолуп, Жогорку Кеңештин төрагасынын Иранга иш сапарынын жакын арада жасалуусунун, ошондой эле 2013-жылдын күз мезгилине мерчемделип жаткан Жогорку Кеңештин Иран менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун иш сапарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.