Ош. Бүгүн, 1-октябрда шаарда Карылар күнүнө карата жарманке өтөт
Бүгүн, 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында жарманке өтөт. Жарманкеде шаардагы карылар өз колдору менен жасаган буюмдарын, тамак-аштарын сатыкка коюшат. Мындан сырткары карыларды куттуктап мэрия тарабынан атайын концерттик программа да тартуулана турганын шаар башкармалыгынан кабарлашты. Иш-чара "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунда өтөт.