Конституциялык палата кайра шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча документ Конституциялык мыйзамга каршы келбейт деп тапты

Кечээ, 2-декабрда Конституциялык палатанын жыйынында "Реформа" партиясынын кайра шайлоону дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча берген доо арызы каралып, ага карата Конституциялык палатанын соттук коллегиясы чечим чыгарды. Бул тууралуу соттук коллегиянын чечими палатанын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, конституциялык палата кайра шайлоонун мөөнөтүн жылдырып туруу боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган документ Конституциялык мыйзамга каршы келбейт деп тапканы маалымдалат.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө кабыл алган мыйзамдын документинде кайра шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга бюджеттин тартыштыгы, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал түрткү болгону жазылганы белгиленет.

Конституциялык палатанын соттук коллегиясынын төрагасы Карыбек Дүйшеев бул акыркы чечим экенин жана даттанууга болбой турганын кошумчалаган.

Соттук коллегиянын чечимине карата "реформа" партиясынын юристи Таалайбек Усубалиев: "Биз Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам Конституцияга каршы келерин бардык жагынан жүйө келтирип, негиздеп бердик. Чечимге макул эмеспиз. Бул "саясий чечим" болду" деген оюн билдирди.

Эске салсак, кечээ, 2-декабрда "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова Жогорку Кеңеш жарандарды шайлоо жана шайланууга болгон укугунан ажыратканын айткан.

Маалым болгондой, Конституциялык палатанын соттук коллегиясына юристтер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев жана "Реформа" саясий партиясы «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү боюнча доо арыз менен кайрылышкан.

Жогоруда айтылган өтүнүчтөр бир соттук процесске бириктирилип, кечээ, 2-декабрда конституциялык палатанын соттук коллегиясы тарабынан каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан