Депутат Рада Туманбаева ички миграциянын агымы жогору болгондуктан алардын шайлоо укугу боюнча маселесин чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал шайлоодогу форма-2 маселесин көтөрдү. "Кыргыз мамлекетиндеги шайлоочулардын саны 3 миллион 315 миңге жетет. Бирок бизде ички миграциянын агымы жогору. Бишкек шаарына жакын аймактардагы дачаларда жашагандар көп. Алар кантип шайлоого катышат. Андыктан бул жаатта алгылыктуу кадамдар жасалып, маселени чечишибиз зарыл", - деди.