Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун абалы туруктуу экени айтылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бороновдун жакындары билдирди.
Анын жакындары Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатканын айтышты. Ошону менен катар эле Боронов жандандыруу бөлүмүндө жатпаганын билдиришти.
Буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булагына таянып, Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада коронавирус илдетинен дарыланып жатканын жазган.
Ал эми медицина тармагындагылар бул маалыматты тастыктап, анын жандандыруу бөлүмүндө экенин айтышты.