Бишкектеги Улуттук китепканада ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

30-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада “Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм” аттуу жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн  ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чара Улуттук китепкананын мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын толук пайдаланууга арналып, анда китепканага акысыз жазылуу жүрдү, ал эми кызматтар акысыз көрсөтүлдү. Ошондой эле акысыз интернет менен пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, китепкананын бөлүмдөрүнө экскурсиялар жасалды. Ачык эшиктер күнүнө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, билим берүү, илим жана маданият кызматкерлери, студенттер, окурмандар, чыгармачыл интеллигенциянын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан