Буга чейин Сокулукта сабалган 6 жаштагы баладан апасы баш тарткандыгы тууралуу маалымдалган. Бирок социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке кагып, апасы баласынан баш тартпагандыгын билдирди.
Билдирүүгө ылайык, сабалган 6 жаштагы баладан апасы баш тарткан эмес. Баланы убактылуу таенесинин камкордукка алуусуна макулдук бергендиги маалымдалды.
Ал эми жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаровдун айтымында баланы кароо жоопкерчилиги толугу менен таенесине өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, келишим түзүлгөн. Ага ылайык бардык документтер даярдалып, апасынын колу коюла элек. Учурда баланын апасы кош бойлуу, көз жаруу алдында турат. Көз жаргандан кийин 6 жаштагы баласын апасына (баланын таенесинин карамагына) толугу менен өткөрүп берүүгө кол коёрун билдирди.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин 6 жаштагы баласын сабаган күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталган. 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.
Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген. Жактоочу сабалган 6 жаштагы баланын апасы "окуяны оюмдан чыгарып койгом" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаганда жактоочу болуудан баш тартканын билдирген.