Бүгүн, 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик цирки кайрымдуулук кече өткөрөт. Бекер тартуулануучу оюндарга шаардагы карылар чакырылды. Циркте эмгектенген артисттер карылардын маанайын көтөрүү үчүн өз өнөрлөрүн тартуулаша турганын аталган мекемеден билдиришти.