Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков "Манас" эпосу күнүн утурлай манасчылар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда Артём Новиков кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, анын эң көрүнүктүү уюткусу "Манас" эпосу болуп саналаарын белгиледи.
Баарлашуу учурунда манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти. Маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жоктугу жана манасчылардын макамы жөнүндө сөз болду.
Артём Новиков "Манас" эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа иштелип жатканын жана өкмөт айтылган маселелерди чечүү үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу манасчыларды дагы бир жолу "Манас" эпосунун күнү менен куттуктап, Талас шаарында "Манасты" үзгүлтүксүз эки күн айтуу иш-чарасынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.