"Дари Строй" Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Санжарбек Энназаров президенттик шайлоого
катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал БШКга президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.
Буга чейин Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Базарбай Темишов, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Бакытбек Жумагулов, Азамат Эсенбеков, Абдыкаар Сыдыков шайлоого катышуудан баш тартышкан.