Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ардагерлерди жана пенсионерлерди 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Сиздер жашоонун кыйын кезеңине туш болгонсуздар. Мекен үчүн күрөшүп, ураган өлкөнү тургузуп, балдардын келечеги үчүн эмгектендиңиздер. Бүгүнкү күндө да мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жатасыздар. Карыларга кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз, мамлекет карыларга татыктуу жашоо үчүн шарт түзүп берүүсү зарыл”,- деди төрага.
Бул күн муундардын биримдигин бекемдеген күн деп белгилеп:
“Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар азыркы замандын шарттарында мааниге ээ. Сиздерге чың ден соолук, бейпилдик каалайм ",- деди ал.