Супер фактылар: Тарыхта "эң чыдамкай кыргыз" деген атка конгон ким?

"Супер фактылар" рубрикасынын бул жолку чыгарылышы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы кызыктуу фактыларга арналат.

  • Эң чыдамкай кыргыз — Балбай баатыр (Балбай Эшкожо уулу, 1791-1867). Ал жоого чыгарда кургатылган уу коргошунду чайнап, артынан канжыгадагы чалабынан жутуп алчу экен. Кийин Алматы түрмөсүнө түшүп, эң күчтүү ционист кальций уусун тамагына салып беришкенде да өлбөй койгон.
  • Эң эле басаанак адам — жеңил атлетиканын эки түрү (лыжа жана чуркоо) боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Төлөн Насырбеков. Ал “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995­-жылы 21-апрелде Бишкектен жөө чуркап чыгып 7-­июнда Стамбулга барган. Ал эми 1997­-жылы Стамбулдан Меккеге барган. Кийин 1998-жылы­ кышында Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата лыжа менен Нарындан Ошко барган. Нарын-Бишкек-Чымкент-Ташкент, Бишкек-Астана ж.б. көптөгөн жүрүштөрдү уюштурган жана өзү катышкан. 1995-98-­жылдардын аралыгында эле ал 13 миң чакырымдан ашык жолду расмий түрдө жөө чуркап өткөн.
  • Чөп акын. Ал чөптүн түрлөрүн, кайда өсөрүн, качан гүлдөөрүн, кайсы чөп кандай дартка дабалыгын, качан терүү керектигин, айтор жалаң чөптүн образын ачып, өмүр бою чөптү ырдап, "чөп жөнүндө ырлардын четин да ойгон жокмун" деп жүрүп көзү өткөнү айтылат. Ушундан улам ал Чөп акын деген элдик наамга арзыганы жазылган.

Маалыматтар Ысмайыл Кадыровдун "Кыргыздын гиннес китеби" деген китебинен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан