Тилек Токтогазиев айыл-чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн санариптештирүүгө өтүү керектигин айтты

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев айыл чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн санариптештирүүгө өтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Токтогазиевдин айтымында, айыл-чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн алгач эле санариптештирүүгө өтүү керек. "Жаңы технологияларды колдонуу менен бирге кайра иштетүүнү жолго салуу зарыл. Министрликтин ичинде дагы электрондук документтештирүүгө өтүп жатат.

Япония, Корея жана европалык компаниялар менен биргеликте иш алып барууну пландаштырдык. Алар бизге технологиясын жана үрөндөрүн берип, Кыргыз өлкөсүндө өстүрүп аны экспорттогонго мүмкүнчүлүк пайда болот", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан