Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги азык-түлүктү арзан баада сатып алууга ар жекшемби сайын жарманкелерди уюштурууну убада кылат. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жарманке азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөө максатында уюштурулат.
"Белгилүү болгондой, бодо малдын этин жана башка айыл-чарба азыктарын жарандар ортомчулардан өтө эле жогору баада алышат. Ошондуктан биз ар бир жекшемби сайын жарманке өткөрүп турууну чечтик. Анда дыйкандардан, өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан азык-түлүктөрдү түздөн-түз арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Чыныгы жарманке болот", - деди Тилек Токтогазиев.
Министр айыл-чарба тармагын өнүктүрүүдө башка өлкөлөрдөн үлгү алуу керектигин кошумчалады.
"Айыл-чарба тармагында эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири бул - Голландия. Бул өлкөнүн аянты биздеги Ысык-Көл
облусунан кичинекей. Бирок айыл-чарба продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Мунун сыры - алар үрөөндү өндүрүүгө жана аны сатууга көбүрөөк басым жасап, дүйнөлүк рынокту камсыз кылышат. Биз дагы азыр Япония, Корея жана башка европалык компаниялар менен биргеликте айыл-чарбасын өнүктүрүү максатында келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди министр Тилек Токтогазиев.