Ырайым берүү менен амнистиянын айырмасы эмнеде? Адистин жообу

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатканда абакта жаткан 230 соттолуучуга ырайым берилип, алар эркиндикке чыкканы маалым. Бүгүн, 4-декабрда бул масенин тегерегинде президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиясынын катчы адиси Светлана Бондареванын катышуусунда брифинг болуп өттү.

Анда Бондаревага: "Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген 230 адам кайсы беренелер боюнча жазасын өтөп жаткандар?" деген суроо узатылды.

"Ошол маалда 2 миңдин тегерегиндеги адам ырайым сурап кайрылган. Негизи беренелер боюнча статистика жүргүзүлбөйт. Анткени беренесине карабастан ар бир жаран ырайым сурап кайрыла алат. Бул процесс башталганда адамдар арасында "ажиотаж" башталды. Анткени алар ырайым менен амнистияны алмаштырып алышып, ырайым берүүнүн мөөнөтү бүтүп калат деп ойлошуптур. Чындыгында ырайымды ар бир жаран каалаган учурда сурай алат. Ал эми амнистия бул - бул президент тарабынан кол коюлган мыйзам. Анын негизинде соттолгон жарандарга карата эркиндикке бошотуу же жаза мөөнөтүн кыскартуу мыйзамы каралган. Кээ бир категориядагы соттолгондорго амнистия алуу укугу каралган эмес. Ошондой эле амнистиянын белгилүү бир мөөнөтү болот. Ырайым берүү боюнча материалдар каралып жатканда соттолуучунун коомчулукка кооптуулугу, үй-бүлөлүк абалы, ден соолугунун абалы, мөөнөтүнүн канча бөлүгүн өтөгөнү, мүнөздөмөсү, ал мөөнөтүн өтөп жаткан абактын администрациясынын пикири жана кошумча материалдар эске алынат", - деди Светлана Бондарева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан