ЖКнын тийиштүү комитети кылмышка шектүүлөрдү кармоо шарттары боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети 1-октябрдагы жыйынында кылмышка шектүү деп табылгандарды кармоо шарттары боюнча мыйзам долбоорун колдоду. КРнын Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Алымбай Султановдун билдиришинче, аталган кызматтын Бишкек жана Ош шаарларында кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу эки жайы бар. Мыйзам долбоордо убактылуу кармоочу жайларда кармоо режимин түзүү үчүн жаза аткаруу системи, улуттук коопсуздук комитети жана баңги заттарын көзөмөлдөө органдары тарабынан ички тартип эрежелери колдонулат. Эрежелерде өкмөт бекиткен жана башкы прокурор менен макулдашылган нормалар бар. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан