COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн Москвадагы медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана шаардын социалдык кызматтарында иштегендердин электрондук кезекке жазылуусу башталат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жазылуу үчүн эртең мененки саат 8:00дөн тарта жогоруда айтылган кызматкерлер mos.ru порталы аркылуу жазылса болот.
Эмдөөнү кимдер ала алышат?
Учурда коронавируска каршы вакцина москвалыктарга, анын ичинен өтө тобокел топко кирген жарандарга гана берилет. Алар күнүгө көп сандаган адамдар менен байланышта болгон шаардыктар. Булардан сырткары медициналык кызматкерлер, педагогдор, шаардык социалдык мекемелерде иштегендер эмделет.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки аптада вакцинациялоо боюнча масштабдуу иш баштоону тапшырган. Анын айтымында, 2 миллион доза вакцина жакынкы күндөрү даяр болот.