Акыркы суткада өлкө боюнча дагы 538 жарандан коронавирустук инфекция аныкталды. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары - 139;
Ош шаары - 23;
Чүй облусу – 40;
Ош облусу - 52;
Талас облусу - 25;
Нарын облусу - 17;
Ысык-Көл облусу – 31;
Жалал-Абад облусу – 86;
Баткен облусу - 125.
Республика боюнча илдет аныкталган бейтаптардын жалпы саны 57 миң 276га жетти.