Казакстанда 100 жаштагы бейтап коронавирустан айыкты

Казакстандын Акмола облусунда коронавирустан 100 жаштагы бейтап айыгып чыкты. Бейтаптын ооруканадан чыгып жаткан видеосун аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган. Видеодон аялдын дарыгерлерге ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, илдеттен арылган аял май айында 100 жашка чыгат.

Коңшу өлкөдө коронавирустан айыккандардын арасында улуу муундагы жарандар бар. Буга чейин Алматы шаарындагы 82 жаштагы аял, Нур-Султан шаарында 93 жаштагы аял илдеттен арылганы кабарланган.

Дарыгерлердин айтымында, кары адамдардын илдеттен арылуусу башка бейтаптардын айыгып кетем деген ишенимин жаратып, оору менен күрөшүүгө жардам берет.

Казакстанда бүгүн, 29-апрелге карата ооругандардын саны 3 миң 79га өсүп, анын 774ү айыкты. Каза болгондор 25.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Noon
2020-04-29 16:45:49
Кырк жыл кыргын болсо да,бейажал чымын ообойт. Кудайым берген омуру тугоно элек тура.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан