Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Торугарт-Автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышат.