Бишкек шаарындагы мектептерге 65 мугалим жетишпейт. Муну шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнара Тагаева бүгүн, 1-октябрда билдирди. Башталгыч класстын, физика, чет тил сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз экен. "Биз талдоо жүргүзсөк, кээ бир мугалимдерге болгону аптасына 12-14 саат гана бөлүнүптүр. Эгерде 31 саат мугалимдерге жүктөй турган болсок, борборубуздун мектептеринде бош орун калбайт болчу. Ал эми эмгек акы 2 миң сомго көбөйтүлмөк", -дейт Гүлнара Тагаева.