Кыргызстанда карылардын 90 пайызы жакыр жашайт. Муну Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлап, бул жыйынтык бейөкмөт уюмдар менен министрлик жүргүзгөн изилдөөдө белгилүү болгонун билдирди. Изилдөөдө 4000 сомдон аз пенсия алган жарандар жакыр ажашагандар деп эсептелди. Ушул тапта Кыргызстанда 579 миң пенсионер бар. Өткөн жылы алардын орточо пенсия өлчөмү 4 192 сомду түзгөн. Пенсия өлчөмүн 10 пайызга көтөрүү үчүн болжол менен кошумча 807 миллион сом талап кылынат. Социалдык фонддун маалыматы боюнча 1-октябрдан баштап пенсия 10 пайызга жогорулап, мында ар бир жарандын пенсиясына орточо эсеп менен 400 сомдон кошулат.