Акыркы суткада 293 жарандан илдет аныкталса, 407 бейтап сакайып чыкты

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети 293 жарандан аныкталды. Муну менен өлкө боюнча жалпы 75 миң 395 адам илдеттен жабыркады. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары - 121;
Ош шаары - 4;
Чүй облусу – 63;
Ош облусу - 3;
Талас облусу - 11;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 46;
Жалал-Абад облусу – 30;
Баткен облусу - 12 .

Бир сутка ичинде илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 12си медицина кызматкерлери.

Бишкек шаары – 9;
Чүй облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан өлкө боюнча 3 миң 980 медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 3 миң 679у айыкты.

Ал эми акыркы сутка ичинде 407 бейтап илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Алар:

Бишкек – 121;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 103;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 12;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 60;
Баткен облусу – 50.

Республика боюнча айыккандардын жалпы саны 67 миң 400 болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
muku.85
2020-12-07 09:26:54
Буйурса азая баштаптыр бул сыноону да женип чыгабыз
+2
Gisi
2020-12-07 13:03:35
mukuв.85, ИншаАллах
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан