30-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында спорттун бир нече түрү боюнча өткөн "Манасиада" жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Каракол шаарынын спортчулары багындырса, 2-орунга Ак-Суу районунун спортчулары ээ болушту. Ал эми 3-орун Түп районунун спортчуларына тийди. Белгилей кетсек, мелдешке 1200 спортчу катышып, аны өткөрүүгө 227 миң сом бөлүнгөнү айтылды. Облус башчысы Эмил Каптагаевдин атынан 2014-жылды дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушу менен өлкө башчысынын дарегине кат жөнөтүлгөнүн билдирди Муканбетова.