Бишкекте Карылар күнүнө карата кайрымдуулук жарманкеси өтүүдө

Бишкекте 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата кайрымдуулук жарманкеси өтүүдө. "Улуу муун биз үчүн жигердүүлүктүн жана жашоого болгон эрктин үлгүсү боло алат",- деди социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жарманкенин ачылышында. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Эл аралык карылар күнү эң жакшы майрам. Бул күнү биз ар башка муундун жашоосун салыштыра алабыз. Биздин чоң ата, чоң энелерибиз бул жашоодо оптимист болууга өрнөк боло алышат”,- деди министр. Жарманкеде токулган жана кийизден жасалган буюмдар көрсөтүлүп, концерттик программа, шахмат оюндары өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан