Тайырбек Сарпашев 530 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берди. Ал 9-декабрда дагы сурак берет

Мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев буга чейин айтылган 530 гектар жерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жери мыйзамсыз ээ болгон мүлктөрдү кайтаруунун 1-этабынын негизинде ишке ашып жатат.

"Каржы полициясы кайтарылган жерлердин жакыр үй-бүлөлөргө бөлүнүүсүн көзөмөлгө алат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Сарпашевдин калган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жаткандыгы жана 9-декабрь күнү кайрадан суракка чакырылгандыгы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mahbu.kg
2020-12-07 12:48:06
твою мать бети жок кантип ушуларды ээлеп алып уялбай жер бетинде басып жүрөсүң. жерге рахмат сендейлерди көтөрүп жүргөнүнө
+9
Mister-XXX
2020-12-07 19:58:46
Эл бир гектар жерге жетпей жүрөт го.Мейли 2 гектар алсын,2 гектар деле оңой жер эмес.530 гектар деген...Кантип уялбай басып жүрөт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан