Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча айыпталып жаткандардын бири Билимбек Токтобеков өз жанын кыюуга аракет кылыптыр. Муну 1-октябрда жактоочусу Баки Кулдашев билдирди. "Сентябрдан баштап анда психикалык бузулуулар боло баштаганы байкалды. Ал уйкусуздукка кабылганын да айтууда. Мурдагы күнү ал суицид тууралуу көп айта баштады. Учурда Республикалык психикалык ден соолукту чыңдоо борборунда дарыланып жатат",- деди Кулдашев
Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерде айыптуу деп табылды. Анын менен кошо иштеген айыптоочулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.