108 жашка чыккан Касина Тентимишеваны Бишкек мэри Иса Өмүркулов куттуктады

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарынын тургуну Касина Тентимишева 108 жашка чыкты. Аны шаар башчысы Иса Өмүркулов туулган күнү жана бүгүнкү эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Касина Тентимишева 13 неберелүү, 11 чөбөрөлүү. Ал согуш жылдары эсинде экенин айтып өттү. Мэр Иса Өмүркулов: “Кылым жашаган адамдарыбызга үзгүлтүксүз көңүл бөлүп турушубуз зарыл. Улгайган адамдарыбыз үчүн комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, социалдык колдоолор көрсөтүлүп турат”,- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан