30-сентябрда Ош технологиялык университетинде Дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чара Ош шаарындагы ЖОЖдордун окутуучулары арасында волейбол боюнча өттү. Жыйынтыгында 1-орунга Ош технологиялык университети, 2-орунга Ош гуманитардык педагогикалык институту, 3-орунга Ош мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик социалдык университетинин командалары татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө ОшТУнун жетекчилиги тарабынан баалуу белектер тапшырылды.