Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров менен 5 жолу жолукканын билдирди. Бул тууралуу маегин ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Садыр Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, "колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз"- деп өтүнүштү. Мен айттым, “биринчиден, мени сыйлап, пикиримди угуп, кеп-кеңешимди сурап койгонуңарга ыраазымын. Башыбыздан көп нерселер өттү, баарыбыз түрмөнү да көрүп чыктык, үй-бүлөлөрүбүз дагы бирдей кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. "Аксакал"- деп алдымдан өткөнүңөргө кубанып, бул урматыңарды кантип кайтарсам экен деп жетине албай турам. Силерди колдоп жатам. Бирок, мен бир учурда силерди колдой албайм. Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм десеңер, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер, мен ачык каршы чыгам”,- деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым. Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Үй-бүлөм да колдойт. Бирок, мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм", - деди ал.
Ошону мене катар эле Текебаев качпай турганын белгиледи.