"Манас" эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев "Манас" эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн "Жаш манасчы" жана "Үйрөнчүк манасчы" шаардык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
"Балбак Түлөбаев иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана эл арасында кеңири жайылтууга кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановду, эл аралык кароо-сынактардын жеңүүүсү, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү максатын көздөп, 14 саат 27 мүнөт "Манас" эпосун айткан манасчы Дөөлөт Сыдыковду, Кыргыз телерадио корпорациясынын "Баластан" каналынын продюсери, "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашынын негиздөөчүсү Кундузкан Аманованы Ардак грамоталары менен сыйлады", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле окуучулар арасында өткөрүлгөн "Жаш манасчы" жана "Үйрөнчүк манасчы" шаардык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
"Иш-чара манасчылар Назаркул Сейдракманов жана Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» эпосунан үзүндү айтып берүүлөрү менен коштолду", - деп билдиришти мэриядан.