"Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик", - деп бүгүн, 7-декабрда президенттикке талапкер
Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
“Өмүрбек Текебаев "Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче, Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти.
Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты эки жүз миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факт. Тагыраак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 миллион долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот.
Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт. Муну он жылдан бери көрүп келе жатабыз го. Ошондуктан мамлекетти жок кылууга алып бара турган бул системаны сындырып, бир кишинин эмес, бүткүл элдин, мамлекеттин пайдасына иштей турган Баш мыйзам түзүп кетели.
Бул Баш мыйзам беш-он жыл сайын алмашылбаган, керек болсо жүз жыл бекем иштеген Баш мыйзам болсун деп жатабыз. Албетте, жашоо-турмуш өзгөрүп турат. Ошондо да кайра-кайра эле Баш мыйзам өзгөртөбүз деп эки жаат болуп кайым айтыша бербей, майда-чүйдө эрежелерди Конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салып туралы деп жатабыз", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.