Кыргызстанда бир жарым айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 15 пайызга жогорулап кеткени айтылууда. "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын мурдагы башчысы Жумакадыр Акенеев маалымат булактарына берген маегинде: "Бензинге болгон баа 4-5 сомго жогорулады. Мындай өлчөмдө жогорулашын эч ким күткөн эмес. Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы тууралуу антимонополиялык комитет эмес, "Газпром нефть Азия" маалымдабаганы таң калыштуу болду. Кыргызстанга 80 пайыз күйүүчү майды ташыган орусиялык компания монополисттердин көз карашынан пайдаланып каалаган сумманы айтышы мүмкүн. Нефтетрейдерлер баанын кымбаташын айтып тим болбостон, алдын алуу чараларын көрбөгөнү да кызык. Бул маселени өкмөттөр аралык деңгээлге чыгаруу керек",- дейт.