Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдына оор жүк ташуучу унаалардын 30дай айдоочусу митингге чыгышты. Алыс сапарга каттап иштеген бул айдоочулар салмагы 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салууну талап кылышууда. "Бул өлкөдө жолдордун бузулушуна алып келүүдө",- дешет айдоочулар. Чогулгандар эгер талаптар аткарылбаса министрликтин алдында кой соёлу деп келишкен экен. Бирок аксакал айдоочулар каршы чыгып бул нерсе токтотулуптур. Түшкө жакын акциянын катышуучулары тарап кетишти. Талаптары аткарылбаса 10-октябрда кайра чогуларын айтышты алар.