Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо 98,4 пайызга аяктады

27-сентябрга карата өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо 98,4 пайызга аяктады. Бул тууралуу 1-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча аянты 485,9 миң гектар жерден 1,2 миллион тонна дан жыйналды. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 420,4 миң тоннага көп. 

Аймактардагы дан эгиндерин жыйноо иштери 27-сентябрга карата төмөнкүдөй жыйынтыкта аяктаган.

Баткен облусу - 104,7 пайыз

Жалал-Абад облусу - 100 пайыз

Ош облусу - 98,1 пайыз

Чүй облусу - 100 пайыз

Талас облусу - 100 пайыз

Ысык-Көл облусу - 96,9 пайыз

Нарын облусу - 83,8 пайыз

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан