Кыргызстанда психикалык ооруларга чалдыккан 68 миңдей адам бар

Бишкекте 4-октябрь күнү “Хабитат - Кыргызстан” коомдук фонду жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери ассоциациясы “Биздин балдар жашоодо орун таба алабы?” аттуу акция өткөрүшөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары маалымдашты. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө карата өтөт. Кыргызстанда психикалык ооруларга чалдыккан 68 151 бар, алардын 21 377си ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар. Акциянын максаты - ооруган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу жана коомучлуктун көңүлүн буруу. Иш-чарада балдар үчүн оюндар өткөрүлүп, концерттик программа тартууланат. Акцияга Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын, министрликтердин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышат.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан