Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурганын республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 2 (кызыл зонадан 1);
Ош облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 2.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча медицина тармагынын 3 миң 996 кызматкери илдетти жуктуруп алса, алардын ичинен 3 миң 702и сакайды.