
Коронавирустун экинчи толкуну башталган Кытайда сутка ичинде 5 кишиден илдет аныкталды. Мындан тышкары 16 жаранда вирустун белгилери байкалбай өтүп жатканы тастыкталды. Маалыматты аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети кабарлаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Оору аныкталгандардын төртөө Кытайдын аймагында, бирөө сырттан келген. Сутка ичинде 3 бейтап айыгып чыккан деп айтылат маалыматта.
Кытайда жалпысынан 84 миң 63 адамдан илдет аныкталса, анын 79 миң 310у айыккан. 4 миң 638 бейтап каза болгон. Учурда 100дөй бейтап ооруканада дарыланып жатат.