Өкмөт "Референдум тууралуу" мыйзам долбоорун колдой турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда парламенттин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов билдирди.
Ал мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу бериле турганын белгиледи.
Вице-спикер Мирлан Бакиров корутундуну бүгүндөн кечиктирбей берүүнү сунуштады.
Буга чейин бир канча депутаттар аталган мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу жок экенин айтышкан.