
Жетекчилик алдында мага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярмын. Бул тууралуу кечээ, 8-декабрда "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган
Төрөхан Жунусбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал сунушту кабыл алып, улуттук масштабдагы жооптуу миссияны аткарууга даяр.
"Менин жашоомдо өлкө үчүн, мекен үчүн маанилүү кызмат кылуу маселеси бир нече жолу козголгон. Бул жолу алдыда боло турган иштер өлкө үчүн жана жеке мен үчүн чындыгында маанилүү болуп калды окшойт. Буга чейин чай үстүндө Акылбек Жекшенович (ред.Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын башкы директору) экөөбүз улуттук масштабдагы маселелерди талкууладык эле. "Кеңешчи болуп бер" деген сунушу үчүн жана ишеними үчүн Акылбек Жекшеновичке ыраазычылыгымды билдирем.
Мен мындай уюмда болгонумду жоопкерчилик менен кабыл алдым, сунушту туура көрдүм. “Мегакомдо” - биринчи жана жалгыз ата мекендик компанияда иштөө мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Улуттук масштабдагы жооптуу миссияны аткарууга, тактап айтканда, инфраструктураны түзүүгө жана өлкөдө санариптик саясатты жайылтууга багытталган жетекчиликтин алдында мага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярмын жана толук аракет кылам деп баардыгыңыздарды ишендиргим келет", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 8-декабрда
Төрөхан Жунусбеков "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп
дайындалган. Тийиштүү буйрукка компаниянын башкы директору
Акылбек Жамангулов 7-декабрда кол койгон.
Ал эми Жунусбеков өзү бул тууралуу кабары жок экенин, өзү дагы интернеттен окуганын
билдирген.
Буга чейин “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган.