Бүгүн, 9-декабрда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылганы маалымдалган. Тайырбек Сарпашев сурактан саат 20:30да чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.
Маалыматка ылайык, ал 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жерди мамлекетке кайтарып берген.