Депутат Бишкектеги кара түтүн тууралуу токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги кара түтүн тууралуу токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңештин жыйынына келет экен. Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом кабыл алынган. Ошол токтомдун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштайм", - деди ал.

Вице-спикер Мирлан Бакиров аппарат бул маселени карап чыгышы керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан