Ош шаарында 1-октябрь күнү карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси болду. Уюштуруучулар Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери. Иш-чаранын жүрүшүндө карыларга балдар чыгармачылык борборунун өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты. Жарманке, концерттик программалар бүткөн соң уюштуруучулар карыларга белектерин беришти.
Мындай иш-чара ушуну менен токтоп калбай, карыларды колдоо максатында жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардык, облустук мекеме, ишканаларда майрамдык куттуктоо салтанаттары уюштурулуусу күтүлүүдө.