Депутат Дастан Бекешев референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал мыйзам долбоору мыйзам бузуу менен экинчи окууга чыгып жатканын белгиледи. "Мыйзам долбоорун кароону жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мындан кийин анда элден сурабай эле мыйзамдын баарын жабык режимде кабыл албайлыбы. Ансыз деле аша чапкандык болуп атпайбы. Биз түшүнүк менен жашап калдык", - деди ал.