Журналист Эльнура Алканова: "АКШ Матраимовго санкция киргизүү менен Кытайга сокку ургусу келип жатат"

АКШ Райымбек Матраимовго санкция киргизүү менен Кытайга сокку ургусу келип жатат. Мындай пикирин журналист Эльнура Алканова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын пикиринде, АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт.
"Планетадагы бир дагы өлкө башка мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. АКШ да Матраимовго жеке кызыкчылыгы үчүн санкция киргизди. Бул жерде кыргыз элинин эч кандай кызыкчылыгы жок, көзүңөрдү ачкыла урматтуу жолдоштор!
АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт. Алар Кыргыз өлкөсүнүн башына өздөрүнүн кишилерин коюуну каалайт. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кытайдан жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү азайса Кытайга оор болот. Биз жана Орусия башка альтернативдик жолдорду табабыз. Кымбатчылык болот, бирок жашап кете алабыз. Бул кадимки эле Кытай менен АКШнын экономикалык согушу.
Алдыда бизди "Бир шакекче, бир жол" долбоору күтүп турат. Мындай темп менен биздин өлкө сыртта калары сезилип турат. Реэкспорт рыногун бизден Казакстан тартып алып жатат. Башка өлкөлөр Кытайга жакшы шарттарды, саясий стабилдүүлүктү сунушташат. А биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдон чыгарабыз. Кеп кандайдыр бир жеке адамдарда эмес, биз өлкөнү жоготуп жатабыз", - деп жазды Алканова.
АКШнын финансы минстрлигинин сайтында Матраимовго АКШ тарабынан санкция киргизилгени боюнча маалымат чыккан. Ага чейин АКШ элчилигинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча комментарий бергени талкууга алынган. Тышкы иштер минстрлиги муну "тергөөгө басым жасоо" деп баалап, элчиликти Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигинин бул аракеттерине үстүрттөн гана баа бергенин белгилеп, элчи Дональд Лу өлкөнүн ички иштерине аралашпоосу керек экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, 2015-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Кыргыз өлкөсүндө өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгынын тапшырылуусу коомчулуктун талкуусуна кабылган. Бул "өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү" деп бааланып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу токтомуна кол койгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан