Депутат Евгения Строкова медицина жана маданият кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо зарыл экендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
”Жыл сайын укук коргоо органдарынын, Финполдун кызматкерлерине мамлекет тарабынан батирлер берилип келе жатат. Ал эми мугалимдерге, маданият кызматкерлерине ипотека боюнча гана берилет. Башкаларга акча табылат, эмне үчүн мугалимдерге, медицина, маданият кызматкерлерине таражат таба албайбыз?" –деди эл өкүлү.