Италиялык футболчу "Алтын топтун" ээси Паоло Росси каза болду

Бүгүн, 10-декабрда футбол боюнча Италия курамасынын мурдагы оюнчусу, дүйнө чемпиону жана 1982-жылы "Алтын топ" сыйлыгын утуп алган Паоло Росси 65 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Паоло Росси өпкө рагынан каза болгон. 1982-жылы Испанияда өткөн дүйнө биринчилигинде Росси Италия курамасы менен чемпион болуп, мыкты бомбардир аталган. Ошондой эле 1982-жылы Паоло Росси "Алтын топту" утуп, Дүйнө чемпиондугунун мыкты оюнчусу деп табылган. Италиялык футболчу "World Soccer" басылмасынын маалыматы боюнча XX кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири болчу.

Жалпысынан Паоло Росси Италия курамасында 48 оюн өткөрүп, 20 гол киргизген. Ошондой эле Росси "Ювентус", "Комо", "Виченцу", "Перуджия", "Милан" жана "Верона" клубдарында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан