Аксы районунун акими: "Унгар-Тоодон өзбек чек арачылары 2-октябрда чыгат"

Аксы районундагы Унгар-Тоодон өзбекстандык чек арачылар 2-октябрда чыгат. Муну аталган райондун акими Медетбек Айдаралиев билдирди. Акимдин билдиришинче, аймакта абал туруктуу, эки тараптын чек арачылары турат. "Документ иштери жүрүп жатат. Эртең өзбек чек арачылары аталган аймактан чыгып кетет",- дейт Айдаралиев. 30-сентябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы Рустам Эминжанов Ошто жолугуп, Аксыдагы кырдаал боюнча сүйлөштү.   

 

Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу.    

 

Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан