Бүгүн, 10-декабрь Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз өлкөсү менен Пакистан мамлекетинин бизнес-форумунда англисче сүйлөгөн кыргыз министрлери көпчүлүктү суктандырды. Алар Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.
Жаш министрлердин форумда сүйлөп жаткан видеосу социалдык түйүндөргө жүктөлүп, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты.
Анда көпчүлүгү "Сыймыктандым", "Бизде дагы билимдүү адамдар бар тура", "Билимдүүлөрдүн заманы келди", "Азаматтар" деген пикирлерин калтырышкан.