Депутат Өмүрбек Бакиров: "Эл мамлекетте кандай башкаруу болушу керектигин өздөрү чечиши керек"

Эл мамлекетте кандай башкаруу болушу керектигин өздөрү чечиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

"Биринчи жолу элден кандай башкаруу болсун деп сураганы жатабыз. 5-6 депутат эле бул Конституцияны менчиктеп алган жок да. Элде эки ача пикир жаралды. Эки талаш болуп калганда элге салалы деп жатабыз. Биз карап референдумду элге алып чыгып жатабыз. Эл тандасын. Бүгүнкү күндө бардыгы мыйзам талаасында кетип жатат. Каршы тарапты туура түшүнөм өздөрү жазган Конституцияны коргоп жатат. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Элдин атынан сүйлөгөндү токтотуш керек. 5-6 топ кыргыз элинин атына маселе чечкенди токтотолу", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан